Коом

Кыргызстандын окуучулары химия жана биология боюнча эл аралык олимпиадаларда медалдарды алышты

AIM мектебинин 12-класстын окуучусу Эрмек Саматов химия боюнча 58-Эл аралык олимпиадада (IChO) коло медаль жеңип алды.

Олимпиада 2026-жылдын 10–19-июль күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты окуучулар катышты.

Ошондой эле Кыргызстандын окуучулары биология боюнча 37-Эл аралык олимпиадада (IBO 2026) эки коло медаль жана бир ардак грамотага ээ болушту. Олимпиада 12–19-июль күндөрү Литванын Вильнюс шаарында өттү.

Коло медалдын ээлери:

Атахан Исираев — Ысык-Көл облусундагы «Кут Билим» окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу;

Улукбек Русланбеков — «Сейтек-СТЕМ» билим берүү мекемесинин 10-классынын окуучусу.

Ал эми «Маариф» билим берүү мекемесинин 11-классынын окуучусу Ирина Разводовская ардак грамота менен сыйланды.

Тектеш кабарлар

Back to top button