Коом

Кытай менен чек арадагы өткөрмө бекеттердин иштөө режими убактылуу өзгөрөт

Күздүн орто чениндеги майрамга жана Кытайдын Улуттук күнүнө байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын тилкесиндеги автожол өткөрмө бекеттеринин иштөө режими убактылуу өзгөрөт.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, «Эркештам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрмө бекеттери аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат:

«Эркештам-автожол»:

25-сентябрда саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;

1-октябрда саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.

«Торугарт-автожол»:

25-сентябрда саат 22:00дөн 26-сентябрда саат 08:00гө чейин;

1-октябрда саат 22:00дөн 4-октябрда саат 08:00гө чейин.

Көрсөтүлгөн мезгилдерде эки өткөрмө бекет аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына сапарларды жана жүктөрдү ташууну пландаштырууда убактылуу чектөөлөрдү эске алууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button