Starlink спутник системасы төмөн орбитага түшүрүлөт

2026-жылы Starlink спутник системасы толугу менен төмөн орбитага — азыркы 550 чакырымдан болжол менен 480 чакырымга түшүрүлөт. Бул тууралуу SpaceX компаниясынын Starlink технологиялары боюнча вице-президенти Майкл Николлс билдирди.
Анын айтымында, орбитанын төмөндөтүлүшү космостук мейкиндиктин коопсуздугун жогорулатууга, айрыкча спутниктердин кагылышуу коркунучун азайтууга мүмкүндүк берет.
«Спутниктердин орбитасын төмөндөтүү Starlink орбиталарынын тыгыздыгын оптималдаштырып, космостогу коопсуздукту арттырат. 500 чакырымдан төмөн бийиктикте космостук таштандылар жана пландалган спутник топтомдору кыйла аз, бул кагылышуу ыктымалдыгын төмөндөтөт», — деп жазды Николлс X (мурунку Twitter) социалдык тармагында.
Бул чечим декабрь айында болгон окуядан кийин кабыл алынган. Анда Starlink спутниктеринин бири 418 чакырым бийиктикте өзүн аномалдуу алып жүрүп, байланыш үзүлгөн. Кыска убакыт ичинде аппарат болжол менен төрт чакырым бийиктигин жоготкон. Адистердин баамында, бул спутниктин ичинде жарылуу болушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
SpaceX — дүйнөдөгү эң ири спутниктик интернет оператору. Starlink тармагында дээрлик 10 миңге жакын аппарат бар жана ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында кең тилкелүү интернет менен камсыз кылууда.



