Окуялар

Чычкан суусуна агып кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды

Жалал-Абадда сууга агып кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунун Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен.

Сууга агып кеткен 10 жаштагы А.Б. аттуу бала Камбар-Ата кичи шаарчасынын тургуну.

Издөө куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн №97 ӨККБдан жалпысынан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button