Коом
13-мартка карата аба ырайы
Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаап, күн кескин сууктайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көлдө -1…+4, Таласта -3…+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +2…+7, Нарында 0…-2 градус суук болот.
Бишкекте термометрдин көрсөткүчү +2…+4, ал эми Ошто +5…+7 градуска жеткени менен мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт.



