Майдан тарта такси кызматына лицензиялар «Tүндүк» тиркемеси аркылуу онлайн бериле баштайт

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов парламенттик комитетте такси кызматын көрсөткөн уюмдар тарабынан «Автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын аткарылышы боюнча отчет берди.
2026-жылдын апрель айына карата автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу төмөнкүлөр берилген:
— 15 миң лицензия — жеке ишкерлерге;
— 410 лицензия — юридикалык жактарга;
— 635 арыз кароонун баскычында турат.
Мындан тышкары, 2026-жылдын биринчи кварталында автобус жана кичи автобус каттамдары тармагында иштеген 2 миң 61 жеке жакка жана 20 компанияга ташууга уруксат берилген.
Октябрь Урманбетов лицензия берүү процессин ИИМ 2025-жылдын сентябрында баштаганын эске салды. Алгачкы мөөнөт өткөн жылдын аягына белгиленген, бирок айдоочулардын активдүүлүгү төмөн болгондуктан, дедлайн эки жолу жылдырылган — алгач февралга, эми Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды.
Ошондой эле керектүү документтердин тизмесин олуттуу кыскартуу пландалууда. Тизмеден төмөнкүлөрдү алып салуу каралууда:
— соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
— ишеним кат;
— салык кызматы алдында карыз жок экендиги тууралуу маалымат.
Негизги жаңылык — процессти толугу менен дистанциялык форматка өткөрүү. 2026-жылдын 20-майынан тартып лицензия алуу тартиби «Тундук» платформасына интеграцияланат. Бул айдоочуларга мамлекеттик мекемелерге барбай эле, онлайн түрдө электрондук уруксаттарды алуу мүмкүнчүлүгүн берет.



