Окуялар
Нарында күйөөсү аялынын жумушуна барып бычак сайган

Нарын шаарында күйөөсү аялынын жумушуна барып бычак сайган. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.
Окуя 31-август күнү болгон.
«Нарын шаарынын 42 жаштагы М.Н. аттуу тургуну Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 43 жаштагы С.А. аттуу аялын бычак менен сайып салган», — деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган аял оорукананын хиругия бөлүмүнө жаткырылса, жолдошу ШИИБ тарабынан кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


