Коом

Ошто төрөт учурунда 30 жаштагы аял каза болду

Ошто төрөт учурунда 30 жаштагы аял набыт болду. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Маалыматка караганда, кош бойлуу келин 25-мартта оор абалда төрөт үйүнө жеткирилген.

«Анын жүрөгүндө тешиги бар экен. Ага кесарева жасалып, ай-күнү жете элек ымыркайды алышкан. Баланын абалы туруктуу», — дейт мекеме.

Аял жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей 3-апрелде көз жумду.

Жыл башынан бери 5 аял төрөттөн каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button