Дүйнө

«Макрон отставкага кетиши керек» Франциянын 104 депутаты импичмент жарыялоо боюнча мыйзамга кол койду

Францияда парламентинин 104 депутаты президент Эммануэль Макронго каршы импичмент жараялоо демилгеси боюнча резолюция долбооруна кол койду. Бул тууралуу «Франциянын баш ийбес» партиясынын парламенттик фракциясынын төрагасы Матильд Пано билдирди.

10-сентябрдагы элдик демонстрациялардын ийгилигинен кийин парламенттин 104 депутаты бул сунушка кол коюшту, — деди саясатчы.

Токтом долбоору 8-сентябрда өлкө боюнча “Баарына бөгөт коюу” деген ураандын алдында массалык нааразылык акцияларынан кийин парламентке жөнөтүлгөн. Демонстранттар экономикалык саясатка жана бюджетти кыскартууга нааразылыгын билдиришти. Алар жолдорду тосуп, административдик имараттарды дагы тосуп алышкан.

Эскерте кетсек, 2024-жылы да Макронго каршы импичмент демилгеленген, бирок ал учурда мыйзам чыгаруу комиссиясы сунушту четке каккан.

Тектеш кабарлар

Back to top button