Маданият

Тurkish Airlines авиакомпаниясынын учактарында кыргызча тасмалар көрсөтүлө баштады

Turkish Airlines түрк авиакомпаниясынын учактарында кыргызча тасмалар көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ведомствонун коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү келишимге кол коюлду.

«Азыркы учурда «Курманжан Датка» жана «Шамбала» кыргыз тасмалары учуу учурунда көрүүгө боло турган тасмалардын репертуарына кошулду. Бул Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө салым кошот», — деди ал.

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Маданият министрлигинин коллегиясы өтүп жатат, ага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров төрагалык кылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button