Саясат

ЖК Ажибаевдин атасынын уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар-жогун иликтөөгө чакырды

ЖКда депутат Чынгыз Ажибаевдин атасы уюшкан кылмыштуу топко (ОПГ) тиешеси бар-жогун аныктоо керектиги айтылды. Бул тууралуу депутат Исманали Жороев бүгүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда социалдык тармактарда анын атасы ОПГга катышы бар деген маалымат кеңири талкууланып жатат.

«Бул айтылган сөздөргө укуктук баа берилиши керек. Эгер бул чын болсо, анда депутат вице-спикерлик кызматын эле эмес, мандатын да тапшырышы зарыл. Анткени мындай маалымат бүткүл Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирет», — деп кошумчалады Исманали Жороев.

Эске салсак, бүгүн Чынгыз Ажибаев ЖКнын вице-спикерлик ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button