Коом

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн мыйзамсыз кыйылган карагайлар алынды — ФОТО

Ак-Суу районунан Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу учуру аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери Кайырма-Арык айылынын 41 жаштагы У.Ж. аттуу тургунунун үйүнөн 19 даана тилинген Тянь-Шань карагайларын табышкан. Турак жай курулуп жаткан үйдүн ээси бак-дарактарды кыюуга уруксат документтерин милиция кызматкерлерине текшерүү учурунда көрсөтө алган эмес.

Аталган факт, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, материалдык зыянды аныктоо үчүн тиешелүү материалдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Экспертизанын корутундусунун жыйынтыгы боюнча аталган фактыга юридикалык баа берилмекчи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button