Окуялар

Нарындын Куланак айылында сел жүрдү

Нарындын Куланак айылында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Нарын районунда 6-августта саат 21:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүрүп, Куланак айылындагы 42 турак үйдүн короо жайларын, ички чарбалык жолдорду каптап, 1 чарбалык көпүрө жабыркаган.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучусу 1 мотопомпа менен тартылган. Алар 3 турак үйдүн короо жайын жана 1 үйдүн ичин жана жертөлөсүнөн сууларды сордуруп, тазалап беришкен.

Ал эми калган турак үйлөрдүн көпчүлүгүнүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен. Ал эми бүгүн, 7-августта Жарандык Коргонуу кызматтары, куткаруучулар тарабынан тактоо жана тазалоо иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button