Коом

Чүйдө 14 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордукталып жүргөнү белгилүү болду

6-майда Сокулук РИИБге 1971-жылы туулган жаран кайрылып, жээнинин күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, анын күйөөсү 2008-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөнүн билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыздануучу көрсөтмө берген. Ал 1986-жылы туулган жээни 3-майда кызын эс алууга таштап кеткенин айткан. Экөө сүйлөшүп отуруп, кыздын бир нече жылдан бери зордукталып келгенин билген.

Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, сурак учурунда жыныстык катнаш кыздын макулдугу менен болгонун айткан. Ал камакка алынган. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button