Соцсеттерден таанышкан жаш кызга сексуалдык аракеттерди көрсөткөн шектүү кармалды

Нарын милициясы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысына шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 28-августта Нарын ШИИБге жашы жете элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо фактысы катталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка Нарын шаарынын 1995-жылы туулган С.Х. аттуу тургуну шектүү катары аныкталган. Ал жашы жете элек кыз менен интернет аркылуу таанышып, 28-август күнү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгы такталган.
Аталган факты боюнча 2025-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, С.Х Нарын ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалган.
Соттун чечими менен ага карата 4-ноябрга чейин камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.



