Коом

“Бул нерсеге жооп берчү күн келет”. Данияр Жаныкулов интернетке тараган видео боюнча үн катты

Данияр Жаныкулов бүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошолду.

Буга чейин социалдык тармактарда Данияр Жаныкулов делген адам тартылган видео тараган. Анда анын ар кайсы адамдардан конверт алып жатканын көрүүгө болот. Кадрларда эркектердин бири «Бул чай үчүн. Маселени чечүүгө жардам бериңиз” дегени да угулат. Видеого Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев делген адам да тартылган. Бир аз сүйлөшкөндөн кийин Данияр Жаныкулов делген адам ага конвертти сунган. Журналисттерге Башкы прокуратурадан соцтармакта тараган видео боюнча текшерүү иштери жүрөрүн билдиришти.

Ал эми өзү Данияр Жаныкулов журналисттерге видео тууралуу үн катты. «Улуу орозо айында турабыз. Ар ким өз абийиринин алдында өзү жооп берет. Бул нерсеге жооп берчү күн келет. Ал акча атайын карточкага которулат. Акчалай алынат ,колго берилет. Бардык документ бар . Медиакомпаниянын жетекчиси келип, өз пикирин айтты. 15 мүнөттүк ролик турат. Даяр. Камеранын баарын өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн өзүм койгом. Ага кантип кошулуу керек, аны техниктер жакшы билет»,- деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button