Коом

Бакыт Төрөбаев Токтогул районунун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Күн мурун президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Жалал-Абад облусунун тургундары менен жолугушуусу Токтогул районунда уланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага башкы прокурордун орун басары Нурбек Каимов, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев, район акими Акылбек Тюкебаев, тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул районунун 400гө чукул тургундары катышып, аймактагы бир катар көйгөйлөрдү айтышып, жеке укуктук маселелери боюнча кайрылышты.

Жашоочулар айылдардагы таза жана сугат суу көйгөйү, бала бакчага болгон муктаждыктар, турак жай менен камсыздоо, Токтогул районундагы туризмди өнүктүрүү, ички жолдордогу инфратүзүмдү жакшыртуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Бакыт Торобаев жеринде айтылган маселелерди чечүү жолдорун сунушталып, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button