Коом

Мароккодо Валентина Шевченко «Өлүм тизмеси» телесериалында роль ойноду

UFCнин аялдар арасындагы кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко кайрадан кино дүйнөсүнө кайтып келди. Бул ирет Шевченко «Өлүм тизмеси» аттуу телесериалдын экинчи сезонунда роль ойноп жатат.

Бул тууралуу Шевченко Instagram баракчасына Мароккодогу тартуу учурундагы сүрөттөрүн жүктөгөн.

«Бул долбоордун бир бөлүгү болгонума абдан кубанычтамын!» – деп жазды Шевченко.

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко буга чейин да киного тартылган, 2021-жылы америкалык актриса жана режиссёр Хэлли Берри тарткан «Сокку» (Bruised) аттуу спорттук драмада роль аткарган. Ал тасмада баш каарман менен октагонго чыгып, атаандашынын образын ойногон.

Бул жолу спортчу белгилүү актёр Крис Пратт катышкан жана продюсерлик кылган ири Голливуддук долбоордо тартылып жатат. «Өлүм тизмеси» сериалы америкалык деңиз аскеринин жашоосундагы драмалык окуяларга негизделген.

Шевченконун экрандагы кайраттуу жана мушташка даяр образдары анын спорттук карьерасынан алынган реалдуу тажрыйбасы менен дал келет. 

Тектеш кабарлар

Back to top button