Спорт
Кыргызстандык боксчулар Таиландда Олимпиадага жолдомо берген мелдешке катышат

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Таиландда өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия берген мелдешке катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анда эркектер арасында жалпы 28 лицензия ойнотулуп, кыргызстандын атынан 6 мушкер күч сынашат:
- 51 кг — Анвар Ходжаев;
- 57 кг — Мунарбек Сейитбек уулу;
- 63,5 кг — Асхат Култаев;
- 71 кг — Нурадин Рустамбек уулу;
- 80 кг — Өмүрбек Бекжигит уулу;
- 92 кг — Эркин Адыл уулу;
— башкы машыктыруучу — Төлөгөн Данияр уулу;
— улук машыктыруучу — Улан Сагынбаев;
— машыктыруучу — Беганас Султанбаев.
Эскерте кетсек, бул Олимпиадага жолдомо бере турчу акыркы турнир. Беттештер Бангкок шаарында 23-май күнү башталат.



