Окуялар

Бишкекте мас абалындагы төрт кыз клубда күзөтчү менен милицияны сабап салышты

Бишкек шаарында төрт кыз клубдун күзөтчүсү менен патрул кызматкерлерин сабап салышты. Бул окуя 25-август күнү таңкы саат 03:00дө “Nirvana” эс алуу борборунда болгон.

Маалым болгондой, клубдун мас коноктору өз ара чатакташа кеткенде аларды жайгаруу максатында эс алуу жайдын күзөтчүсү барган. Бул маалда ага төрт кыз кол салып, күзөтчүнүн бетин жарышкан. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери барганда аларга карата дагы каршы иш аракеттер орун алган.

Ал окуянын бардык катышуучулары Бишкек шаарынын Свердлов РИИБне жеткирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button