Саясат

Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо боюнча мыйзамга кол койду

Жалал-Абад калаасы эми расмий, мыйзамдуу түрдө Манас шаары деп аталат. Бул мыйзамга мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган документти 10-сентябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

«Мыйзамдын максаты — улуттук идеологияны чыңдоо, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан коргогон айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгаруу болуп эсептелет», — деп айтылган Жапаров кол койгон мыйзамда.

Аталган документ 10 күндөн кийин күчүнө кирмекчи.

Тектеш кабарлар

Back to top button