КоомСаясат

Акылбек Жапаров бир катар министрлер менен чиновниктерге милдетин так аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялады

Алардын катарында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, транспорт министри Тилек Текебаев, маданият министри Алтынбек Максутов жана президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жазаланды. 

Сөгүш ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Жаратылыш ресурстары жана Саламаттык сактоо министрликтеринин башчыларынын орун басарларына да жарыяланды. 

Ал эми ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Имановго эскертүү берилди. 

Айрым райондордун акимдери менен орун басарларын кызматтан алуу маселеси каралары айтылды. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button