Си Цзиньпин менен Владимир Путин Пекинде жолугушту

Россиянын президенти Владимир Путин Пекиндеги Тяньаньмэнь аянтындагы Элдик жыйындар үйүнө келди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Орус лидери аянтка өзүнүн Aurus унаасы менен барды. Аны Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин тосуп алды. Эки өлкөнүн лидерлери кол алышты.
Россия президентинин Кытайга болгон сапары 19–20-май күндөрү өтүүдө. Владимир Путин менен кошо Пекинге дагы 39 адам барган. Алардын арасында беш вице-премьер, сегиз министр, президенттик администрациянын өкүлдөрү жана ири бизнес өкүлдөрү бар.
Сүйлөшүүлөр кеңейтилген жана тар курамда өтөрү айтылды.
Владимир Путин менен Си Цзиньпин эки тараптуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле эл аралык жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулашат.
Мындан тышкары, мамлекет башчылары Сила Сибири-2 долбоорунун ишке ашырылышын кеңири карай турганы күтүлүүдө.


