Коом
«Актерду шылдыңдабагыла!». Чокморовдун айкели бир аптадан бери оролуп турат

Актер Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектин борборундагы айкели бир аптадан ашык убакыттан бери ак кездемеге оролуп, ачылбай турат. Буга байланыштуу шаар тургуну Чолпон Кулмухамбетова социалдык тармак аркылуу мэрге кайрылды.
Ал эстеликтин ачылбай турушу маданиятсыздык экенин белгилейт.
«Бул борбор калаада болбой турган көрүнүш. Бир аптадан бери ушунтип турат», — дейт ал.



