Дүйнө

Кабул аэропортунда жардыруу болуп, 100дөн ашык адам каза тапты

Афганистандын борбор калаасында жайгашкан аэропорттогу жарылуудан каза болгондордун саны 100дөн ашты. Бул тууралуу Wall Street Journal гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, түндө Кабулдагы аэропортко жакын жерде эки ирет жардыруу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 40 киши каза тапканы, жабыркагандардын арасында аялдар менен балдар дагы бар экени айтылган.

Ал эми акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 100дөн ашты. Алардын 90у жергиликтүү тургундар, 13ү америкалык аскерлер экени белгилүү болду.

«Биринчи жарылуу аэропортко жакын жайгашкан Baron мейманканасынан анча алыс эмес жерде болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, бул жерге АКШ, Улуу Британия сыяктуу мамлекеттердин жарандары чогулган. Жарылууну террорчу жан кечти уюштурган», — деп айтылат кабарда.

Маалыматка караганда, бул чабуулдар боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна «Ислам мамлекети» террордук уюму алды. Ал эми АКШ буга «Вилаят Хорасан» уюмунун тиешеси бар деп эсептөөдө.

Афганистандагы бийлик алмашуу

Афганистандан америкалык аскер күчтөрү чыгарылып жаткан тушта «Талибан»* кыймылынын согушкерлери чабуулга өтүшкөн. Өлкөдөгү бир катар ири шаарларды басып алып, 20 жылга созулган согуш аяктаганын жар салышкан. Учурда мамлекетти башкаруунун механизми чечилип жатат. Жаңы бийликке жакын кишилердин РИА Новостиге билдиргенине караганда, бийликти 12 кишиден турган кеңеш башкарат.

Ахмад Масуддун аскерлери жайгашкан Панжшер провинциясы талибдерге каршылык көрсөткөн жападан жалгыз очок болуп калууда.

Кабул аэропорту аркылуу чет элдиктер жана аларга көмөкчү болгон жергиликтүү тургундар эвакуацияланып жатат. Алгачкы күндөрү болгон дүрбөлөңдө бир канча адам мерт болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button