Коом
Коронавирус. 48 адамдан аныкталып, эки бейтап каза тапты

Бир суткада 48 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда амактар боюнча:
Бишкек шаарында — 17,
Чүй облусу — 12,
Ош облусу — 2,
Талас облусу — 3,
Нарын облусу — 2,
Ысык-Көл облусу — 10,
Жалал-Абад облусу — 2 .
COVID-19 илдетинен Чуй облусунда жана Бишкек шаарында бирден бейтап каза болду.
Март айынан бери 85 миң 564 киши вируска чалдыгын, 1 миң 444 бейтап көз жумду.



