Сууда сүрөт тартуу. 31-мартта Бишкекте эбру көргөзмөсү ачылат

Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи билдирди.
Иш-чара «Эбристан» коомдук фонду тарабынан Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулуп, эки элдин маданий жакындашуусунун жаркын символу болот.
Көргөзмөнүн алкагында келгендер усталардын даяр эмгектерин гана көрбөстөн, мастер-класстарга да күбө боло алышат — сууга эбру техникасы аркылуу Түркия менен Кыргызстандын мамлекеттик желектерин, ошондой эле Баткен облусунун символу болгон Айгүл гүлүн тартуу процесси көрсөтүлөт. Коноктор бул керемет өнөрдүн жаралуу процессине жакындан күбө болушат.
Эбру — бул байыркы түрк өнөрү, «сууда сүрөт тартуу» деп аталат. Ал коюуланган суюктуктун бетине эрибеген боёктор менен узорлорду жаратып, андан соң аны кагазга, кездемеге же жыгачка өткөрүп алуу ыкмасына негизделет. Бул техника «түрк мармарлоосу» же «бийлеген боёктор» деп да аталат. Ал медитативдүүлүктү, импровизацияны жана ар бир эмгектин уникалдуулугун айкалыштырып, жаңы баштагандарга да шедевр жаратууга мүмкүнчүлүк берет.



