Коом
Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен Уйчи районуна ГЭС каскадын салат

ГЭСтин кубаттуулугу 228 мегаватты түзүп, “Узбекгидроэнерго” ишканасы 434 млн долларга курат. Ал жылына 1 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгып, 310 млн куб метр газды үнөмдөөгө шарт түзөт. Ошондой эле 430 миң үй жарык менен камсыз болот.
Маанилүү өзгөчөлүгү — ГЭС Өзбекстандын өзүнөн чыгарылган технология жана жабдуулар менен салынат.
Салыштыруу үчүн айтсак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулу 1200 мегаваттан жогору.
Нарын дарыясындагы курулушту баштоого Шавкат Мирзиёев старт берди.



