Окуялар
Бишкекте бир нече уурулукка шектелген жаран колго түштү

Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-мартта Свердлов райондук милициясына Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал анда 1-март күнү саат болжол менен 18:00 чамасында “Дордой Плаза-2” соода борборунан белгисиз адамдар сумкасынан капчыгын уурдап кетишкенин билдирген. Ичинде 17 миң сом өлчөмүндө акчасы болгон.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек милициясынын кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган, мурда ушундай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон С.О. шектүү катары кармалды.
Азыркы учурда анын уурулуктардын бир нече фактысына тиешеси бар экендиги аныкталууда. Тергөө иштери улантылууда.



