Окуялар

Жайлоого эс алганы чыгып, октон алган жаракатынан улам каза болду

2022-жылдын 13-июль күнү саат 06:20 чамасында Баткен облустук биргелешкен ооруканасы кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгери Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. денесинен алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп калгандыгын милицияга билдирген. Бул маалымат Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган.

2022-жылдын 11-июль күнү болжол менен саат 23.00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын 26 жаштагы тургуну К.С. менен Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.К. Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Геревшин жайлоосуна эс алганы койчу Ак-Сай айылынын 35 жаштагы тургуну У.Анын убактылуу жашаган үйүнө барышып, жайгашкан. Эртеси 12-июль күнү болжол менен саат 14.30 үйдүн ээси 35 жаштагы У.А. үйүнүн ичинде өзүнүн ок атуучу куралын октоп жатып, кокусунан атылып кетип, сыртта эшиктин алдынан өтүп бараткан Баткен шаарынын 37 жаштагы тургуну К.Кга тийген.

Ошол эле замат 26 жаштагы К.С. менен үйдүн ээси 35 жаштагы У.А. жаракат алган К.К.нын жарааттарын байлап, Курбака участкасындагы аскер кызматкерлерине кайрылышкан. Ал жерде мединциналык жардам көрсөтүлүп, 13-июль күнү саат 03.30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы Баткен-Исфана унаа жолуна жетип келишкен, ал эми ошол учурда  К.К. денесинен алган жаракатынан улам көз жумган.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат,- деп  билдирди Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button