Дүйнө

Чарли Кирк 11 жыл мурун өзүнүн өлөрүн айткан

Америкалык саясатчы Чарли Кирк 11 жыл мурун өзүнүн каза болорун алдын ала айткан. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында билдиргенин Irish Star басылмасы жазды.

«Мени AR-15 менен атып салыштыбы? Бул окшошот»,- деп 2014-жылдын 22-июнунда жазган.

Эске салсак, Кирк 10-сентябрда АКШнын Юта штатындагы университеттердин биринде сүйлөп жаткан маалда атып өлтүрүлдү. Ок мойнуна тийип, ал ооруканада каза болгоБашында полиция шектүүнү кармаганын билдирген, бирок чыныгы аткан жаран азырынча кармала электиги кийинчерээк маалым болду.

Ал АКШнын президенти Дональд Трамптын тарапташы болгон. Чарли Кирк жаштар арасында консервативдик баалуулуктарды жайылткан «Turning Point USA» аттуу кыймылдын негиздөөчүсү. Ал ошондой эле подкасттарга жана саясий дебаттарга активдүү катышып турган.

Тектеш кабарлар

Back to top button