Коом

УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда республикалык спартакиада башталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл облусунда бардык облустук башкармалыктардын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасынын кубогу үчүн спорттун оюн түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада башталды.

Быйыл коопсуздук органдарынын спорттук тайпалары спорттун 4 түрү боюнча күч сынашат: эркектер үчүн спорттун  тайпалык түрлөрү – футбол, волейбол, баскетбол, жеке спорттун түрлөрү – шахмат, ал эми аялдар үчүн – 3000 метрге эстафеталык жарыш, дартс, 3×3 баскетбол.

Спартакиаданын салтанаттуу ачылышында КР УКМК төрагасынын орун басары, генерал-майор Т.Шабданбеков КР УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин атынан спорттук иш-чаранын жалпы катышуучуларын куттуктап, жыл сайын өтүүчү турнирдин ачылышы менен куттуктады.

Т.Шабданбеков чекисттердин мыкты салттарын сактоодо жана өркүндөтүүдө кесиптик парзына чындап, эрдикти, чечкиндүүлүктү жана туруктуулукту көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Командалардын бирдиктүү күжүрмөн жана спорттук маанайы, жакшы жана достук мамилелерге негизделген адилеттүү оюн, бүгүнкү иш-чаранын башкы принциптери болуп калат деп ишенем. Жалпы катышуучуларга кызыктуу оюн, чыныгы атаандаштык командалык дух, жеңиш жана ийгилик каалайм»!

Тектеш кабарлар

Back to top button