Кыргыз мамлекеттик куурчак театры чет өлкөлөрдөгү өтө турган фестивалдарга катышат

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры жана маданият, маалымат жаштар саясат министрлигинин колдоосу менен сентябрь айында Казакстанда, Башкортостанда жана Орусияда өтө турган эл аралык фестивалдарга катышат.
Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматкери билдирди.
Маалыматка ылайык, театр төмөнкү спектаклдерди алып чыгат:
«Эр Төштүк» — «Nomad Puppet» TURKSOY фестивалы (Актау, Казакстан, 9-14-сентябрь)
«Атадан калган туяк» — «Курчак фест» (Уфа, Башкортостан, 24-28-сентябрь)
«Странник Кранц» — «Большой детский фестиваль» (Москва, 29-сентябрь — 4-октябрь)
Бул чыгармачылык сапар Кыргыз куурчак театрынын дүйнөлүк маданий мейкиндикте ордун бекемдөөгө жана улуттук сахналык искусствону эл аралык деңгээлде таанытууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми 4-октябрда аталган театр көрүүчүлөрдү кубаныч менен тосуп, жаңы 87-сезонун ачат.



