Коом
Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун Арал — Казарман тилкесинде таш кулап, жол жабылды

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал — Казарман тилкесинде эки жерден таш кулап, жол убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Арал — Казарман тилкесинин 270-271-чакырым аралыгына жаандан улам тоо бетинен таштар кулап, жолду жаап калган. Жолго түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3 миң куб метрди түздү.
Ошондой эле Арал — Казарман участогунун 243-296-чакырым аралыгында дагы таш көчкү түшүп, автожол убактылуу жабык. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун ачылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.



