Маданият

Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу менен дирижер Нур Өмүрбаев Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти болду

Тиешелүү жарлыкка 5-сентябрда коңшу мамлекеттин президенти Шавкат Мирзиеев кол койгон.

Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестринин башкы дирижеру жана көркөм жетекчиси Нур Өмүрбаевге Өзбекстандын эл артисти наамы ыйгарылган.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаровдун 5-сентябрдагы жарлыгы менен Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго Кыргызстандын эл артисти, Юнус Ражаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун «Макомду салттуу аткаруу» кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button