Коом

АКШ туристтик визаларды берүү эрежелерин катаалдаштырды

АКШнын бийлиги чет өлкөлүк жарандарга B1/B2 туристтик визаларын берүү эрежелерин катаалдаштырды.

Мамлекеттик департамент 6-сентябрда жарыялаган буйрукка ылайык, АКШга барууну каалаган жаран аларды алуу үчүн документтерди жарандык алган же туруктуу жашаган өлкөдө гана тапшыра алат.

Мындай визаларды берүү токтотулган 17 өлкөнүн жарандары үчүн арыз тапшырыла турган элчиликтер жана консулдуктар бекитилди. Россиялыктар муну Астана жана Варшавадагы АКШнын элчиликтеринде, беларустар — Варшава же Вильнюста, ал эми украиналыктар — Варшава менен Краковдо визага документ тапшыра алышат. Буга чейин мындай типтеги визага каалаган өлкөдө документ тапшырууга мүмкүн болгон. 

Белгилүү болгондой, буга чейин пландалган маектешүү үчүн жолугушуулап күчүндө калат. Жаңы эрежелер A, G, C-2, C-3 тибиндеги визаларга, НАТОнун визаларына, ошондой эле бардык типтеги дипломатиялык жана кызматтык визаларга же БУУнун Штаб-квартирасы жөнүндөгү макулдашууга ылайык келген сапарларга байланыштуу визаларга колдонулбайт. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө гуманитардык себептерден, ошондой эле медициналык же тышкы саясат маселелери боюнча сейрек учурларда эрежеден тыш учурлар болушу мүмкүн экени айтылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button