ИИМ: Адылбек Бийбосунов ички иштер органдарынын алты айдагы аткарган иштери боюнча маалымат берди

2024-жылдын 26-июлунда ИИМдин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2024-жылдын алты айындагы аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отуруму өттү.
Өз кезегинде ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов сөз сүйлөп, бүгүнкү баяндаманы үч бөлүктөн кылып, укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердигибиздин жыйынтыгы, өткөн чейрек ичинде жүргүзүлгөн инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы, кадр багытындагы орун алган кемчиликтер жана жетишпестиктер тууралуу маалымат берди.
“Аталган 6 ай аралыгында бир катар иштер алып барылды. Алардын жыйынтыгы менен бир нече жетишкендиктерге жетиштик. Алар тууралуу баарыбызга маалым. Ал жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да орун алды. Алардын негизги себептери Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан коюлган талаптарга жана тапшырмаларга керектүү деңгээлде көңүл бурбагындыктан деп белгилейм”,-деп сөзүн баштады.
Андан соң, ал укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердиктин жыйынтыгына токтолуп, 2023-жылдын 6 айына салыштырмалуу кылмыштуулуктун көрсөткүчү азайганын билдирди.
“Башкы прокуратуранын статистикалык маалыматына ылайык 2024-жылдын башынан бери жалпы укук коргоо органдары тарабынан 21 миң 36 кылмыш иши козголгон.
Алардын ичинен 19 миң 411 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан козголуп, жалпы кылмыштардын 92,3 пайызын түзгөн.”,-деди өз сөзүндө Адыл Бийбосунов.
Андан соң, кадр багытындагы кемчиликтер менен жетишкендиктерге дагы басым жасап, кызматтык тартип жана мыйзамдуулук абалын ички иштер органдарынын ар бир жетекчиси колго алуусун, Тартиптик Уставдын негизинде иш алып барууну тапшырды.



