Окуялар

Жол кырсыктан жабыркаган кишини алып бараткан тез жардамды BMW сүздү

Борбор калаада жол кырсыктан Тез жардам кызматынын медиктери менен айдоочусу жабыркаган. Бул туурасында Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борборунун директору Искендер Шаяхметов Sputnik агенттигине билдиргенин аталган маалымат борбору жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ кечинде Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Медиктер жол кырсыктан кансыраган бейтапты алып баратып көп узабай, тагыраагы, Манас проспекти менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен дагы автокырсыкка кабылышкан.

Шаяхметов бригада кансыраган бейтапты алып баратканда BMW машинасы менен сүзүшкөнүн билдирди. Анын кесепетинен реаниматолог дарыгер башынан жаракат алып, мээси чайкалган, төш жана бел тарабын оорутуп алган. Фельдшердин мээси чайкалып, моюнун оорутуп алган. Айдоочунун да мээси чайкалып, жеңил жаракат алган. Кансырап бараткан бейтап бул кырсыктан жабыркаган эмес.

Шаяхметов дарыгер Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүнө, фельдшер менен айдоочу амбулатордук дарыланууда экенин кошумчалады. Ал эми жеңил автоунаанын рулундагы киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган эмес.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button