Коом
Козуев мопед айдагандарга айыппулду көбөйтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев мопед айдагандардын айынан жолдо, жөө жүргүнчүлөр арасында ар кандай кырсыктар орун алып көйгөйлөр жаралып жатканын билдирди.
«Бул бүгүнкү күндө олуттуу маселеге айланды, бул боюнча эреже кабыл алуу зарыл. Балким, тийиштүү мамлекеттик кызматтар тарабынан мыйзам долбоору иштелип чыгышы керекпи. Мопеддер Кыргызстанга алып кирилип жатканда кантип катталаарын да текшерүү керек. Алардын эреже бузганын «Коопсуз шаар» каттайбы? Мопеддердин айдоочуларына айыппулдун өлчөмүн көбөйтсөк, эреже бузуу азаят. Жол чыракта каалагандай жүрүшөт. Машиналарды жөөлөп кетет, машиналардын ортосуна кыпчылып алышат», — деген депутат алардын айынан уруш-талаш жана кырсыктар көбөйүп жатканын белгиледи.



