Эмиль КАНИМЕТОВ: 1990-жылдан бери жазылган мамлекеттик программалар иш жүзүнө ашпады. Программадан элдин көңүлү сууду

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Эмиль Каниметов коомдогу азыркы саясий кырдаал тууралуу айтып берди.
— 2020-жылдын октябрында бийлик алмашып, бир жыл өттү. Эмне өзгөрдү? Азыркы саясый кырдаал жөнүндө эмне айтса болот?
— Көпчүлүк эл аралык уюмдар былтыр күзүндөгү бийлик алмашуунун негизги себеби катары Жогорку Кенешке шайлоодо калыстык болбогондугун, добуштар сатылып алгандыгын белгилешти. Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюму (OSCE) да добуштарды сатуунун чындыгы бары жөнүндө, Америкалык элчилик кылмыштуу топтордун саясатка кийлигишип жатканы тууралуу билдирүү таратышты. Чынында, Кыргыз жериндеги бийлик алмашуулардын тажырыйбасы, 90-жылдардан бери биздин баштан өткөргөндөрүбүз көрсөтүп тургандай, президенттердин куулган, бийликтин алмашкан учуру жалпы элдин бийликте турган адамдардан үмүтү өчүп, аларга болгон кайдыгерлик, жактырбоо, жек көрүү массалык түрдө кенири жайылган кезде пайда болоору белгилүү. Шайлоо, кылмыштуу топтор башка адамдардын бийлике келишине өбөлгө түзгөнү болбосо, эч качан башкы себеп болгон эмес.
Бийликтин тынбай алмашып турушунун эн башка себептеринин бири – бул коомдогу тенсиздиктин, калыссыздыктын түптөлүп, аны бекемдеп, цементтеген өзүнчө бир саясый системанын калыптанып бара жатышында болууда. Муну жаап-жашырган, 30-жыл ичинде канчалаган мамлекеттик экономикалык программалар, пландар, концепциялар түзүлдү. Жарыя кылынды. Алар мамлекетти, экономиканы өнүктүрмөк турсун, элдин көнүлүн суутту. Ушул мезгиде ар кандай жолдор менен байыган, мамлекеттик кызматтарда иштеген же кылмыштуу чөйрөдөгү таасирлүү адамдардын, же сырткы күчтөрдүн кайырмагында тургандардын саясатка түз аралашып, бийликте тургандарды колго алып, шайлоолордун тагдырын чечип жатканын намысы бар адамдын, элдин жүрөгү кабыл албай келет.
2020-жылы көптөгөн адамдардын өмүрүн алган пандемиядан кийин эс учун жыя албай турган бийликтин алмашканын башкы себеби ушунда. Ошондо бийликте тургандардын адилетсиз саясый системаны ондомок турсун, кайра алардын шарында агып жатканы ачык көрүндү. Алар каныккан эски ыкмалар мамлекеттин кызыкчылыгын, элдин өмүр-тагдырын сактамак турсун, кайра тескерисинче ичтен-сырттан туруп куурчак кылууга өбөлгө болуп калды.
Былтыр октябрда бийлике келген топ мурункулардан жашыраак. Булар реалдуу турмушту, азыркы доордогу практиканы, базар экономикасы, бизнес, элдин турмушу ж.б. жакын билгендиги, кыскасы – азыркы замандагы шартка мурдагылардан даярдыгы жана чечкиндүүлүгү менен айырмаланып турат. Азыркы саясатта да ушул белгилер бар.
Конституцияга өзгөрүүлөр киргизилип, мамлекеттик бийликтин борборлоштурулушу, сырткы күчтөрдүн таасири бар саясый топтордун чачыранды бийлигинин жана таасиринин чектелиши, башында кооптонуу жаратса, азыр көпчүлүк үчүн үмүт пайда кылууда. Ушул кезге чейин мурдагы бардык президенттер, бийдик ээлери жен ичинен соодалашып келген «Кумтордун» ишинин абдан жогорку денгээлде козголушу, ал ишке аралашкандардын жоопкерчилиги каралып, суралашы ошол үмүттүн отун күйгүздү. «Кумтор» сыяктуу эле Кыргызстандагы бардык казылып, ташылып кетип жаткан кен байлыктар бийликтин, жалпы элдин көнүл чордонунда туруп, тоо-кен тармактарында да мамлекеттин кызыкчылыгы корголот деген үмүт али өчө элек.
-Бийликтин коррупция менен болгон күрөшүнө кандай баа бересиз?
— Коррупцияга каршы азыркы бийликтин «күрөшү» саясатка аралашып жүргөндөрдүн жана карпайым көпчүлүктүн көзүнө эки башка көрүнүүдө. Саясатта жүргөндүн бир тобу бийлике келсе, бир тобу бийликтен кетип, каршылашып келгени канчалаган жыл болду. Албетте, бийлик үчүн күрөштө мамлекеттик кызматтар да пайдаланылып келет. Бирок, бийликтеги коррупциялык системанын каймагын калпыган миллиардер, миллионерлер эч качан азыркыдай сестенген эмес. «Акчалуу баарын чечет. Ал сотту да, журналистерди да сатып алат», — деген пикир көпчүлүк үчүн көндүмгө айлана баштаган. Акчага, байлыка бийликти, сотту, баарын сатып алса болот деген шартта олигархтардын, миллиардерлердин, мурдагы бийликтин дөө-шааларынын кармалып жатышы, колунда эчтекеси жок адамдар дагы адам экенин белгилеп, алар үчүн да бүгүн болбосо эртен барчылыктын «эшиги» ачылаар деген үмүт пайда кылды. Мамлекеттик социадык саясат, бизнести коргоо, инвестиция, бюджетти толтуруу, инфляцияны эсепке алуу, карызды азайтуу жана башка иштер жүргүзүлүп жатат. Мындай ички саясаттын күнүмдүк иштери мурунку бийлик ээлери тарабынан жүргүзүлүп келген. Бирок, азыркыларда мурункулардан айырмаланып ички ресурстарды мамлекеттин кызыкчылыгына тартууга болгон реалдуу аракет, жигер бар. Акча аны уучтагандардын жыргалчылыгына эмес, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына иштесин, — деген ниет, ушундай бийликтин акчадан, байлыктан бийиктигин белгилеген иштерден башталат. Бул коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын саамалыгы. Азыр болбосо да, кийинки муундар тарабынан мындай аракет системалуу, масштабдуу мамлекеттик ишке айланат деген үмүт пайда болду.
— Бирок, ошол сиз айткан сырткы күчтөр, башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасы менен мамилеси кандай болууда? Биздин кээ бир саясатчылар айткандай мамлекет изоляцияда калып жаткан жокпузбу?
— Башка мамлекеттердин Кыргыз Республикасы менен болгон мамилеси бийлике келген адамдардын кандай экендигине, саясатына эмес, биздин мамлекеттин эл аралык статусуна, эгемендүү субъект катары ордуна жараша жүргүзүлүп келет. Тагыраак айтканда, коншу мамлекеттердин эле эмес, дүйнөлүк саясатты аныктап тургандардын да биздин региондо, Кыргызстанда өз кызыкчылыктары бар. Бийлике ким келгенде да алар мамлекет аралык мамиле түзүүгө, башкача айтканда ошол өз кызыкчылыктарын камсыздоого аргасыз. Бул биздин мамлекетке жана бийлик башындагыларга да тиешелүү. Кыргызстандын кызыкчылыгына түз тиешеси бар мамлекеттер менен расмий мамиле түзүүгө милдеттүү. Ушундай эл аралык мамилелердин алкагында жаны президенттин Россия, Казахстан, Өзүбекстан, Турция, Түркменистан, Тажикстанга жасаган расмий сапарлары мамлекеттер ортосундагы мамилени, кызматташууну бекемдөөгө арналды. Алар да коншу, боордош мамлекеттер ортосунда кызматташууну кубатташаарын сөз жүзүндө, иш жүзүндө да көрсөтүү аракетин жасашты. 20 тонна сабиз келди деген деле ушундай аракет-иштин бири.
Азыркы кыргыз бийлигинде мурдагыларга караганда эл аралык байланышта, коншу мамлекеттер менен мамиле түзүүдө ийкемдүүлүк байкалат. Кыргызстандын же болбоду дегенде Кыргызстандагы бийлике тиешеси бар топтордун кызыкчылыгын коргоодо ийкемдүүлүк менен бирге чечкиндүүлүк да бар.
Тажикстан тараптан согуштук кол салуу кокусунан эле болуп кетпейт. Мунун себеби Тажикстан эле эмес, анын артында турган башка күчтөрдүн да кызыкчылыгына доо кеткенинен кабар берет. Мындай мамлекеттик аралык жанжалдардын көзгө көрүнбөгөн, абдан чиейлешкен, тамырлашкан себептери бар. Курал көтөрүп, мамлекет аралык, эл аралык согуш отун тутантып миллиондогон адамдардын тагдырын садага чаппай сабырдуулук кылган азыркы бийликтегилер туура кадамга барды. Дүйнөлүк саясаттын татаал оюндары биз ойлогондой бир жактуу эмес. Тажик тарап «бычагын» сермесе, артында афгандын «балтасы» заматта көтөрүлөөрү азыр эч кимди тан калтырбайт. Мурда биздин региондогу абал мындай нукка кетээрине ким ишенет эле?
-Курал алып кол салганга курал кармап согушка чыкпаганы туура болгонбу?
— Ооба. Курал-жарак менен ок атып согуш жасоо ири мамлекеттердин, күчтөрдүн кандайдыр бир кызыкчылыктарын көздөгөн, соодалашкан иштеринин натыйжасынан келип чыгып жатат. Учурда илим-техниканын күчү Кыргызстан, Тажикстан эмес, материктерди, адамзатты талкалап коюга жетээрин ким билбейт. Азыркы заманда чыныгы намыс үчүн күрөш илим-билимге сугарылган акыл-эстин, интуициянын эн бийик денгээлинде жүрүүдө. Эл аралык мамилелер, дүйнөлүк саясат, экономика, ички саясат ж.б. бардык сфераларда маселелер ошондой денгээлде чечилип жатат. Биздин максат ошол денгээлге жетүү. Жасалма илимдүүлүк, популизм, демагогия ага жеткирбейт. Ага карай жол турмушту тике карай билүү, сезе билүү, реалдуу, туура ой жүгүртүү, чечкиндүүлүктөн башталат. Азыркы кыргыз бийлигинде тургандарда андай сапаттар бар. Барчылык, шарт болсо келечекте илим-билимге, моралга каныккан, замандын бардык талаптарына жооп берген чыгаан адамдардын мууну да кыргыз бийлигине келет. Азыркы бийликтегилердин башкы милдеттеринин бири – эл менен тыгыз байланышта болуу, ага таянуу аркылуу жаш муундарга ушундай шарт түзүү, мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Ички саясатка азыр элдин, көпчүлүктүн пикирин, сезимин эсепке алуу, эл менен тыгыз байланышта болуу Элдик Курултай аркылуу ишке ашыруу аракети бар. Мурдагы бийлик режимдерине караганда азыр ушул коомдук институттун мыйзамдаштырылып, калыптанышы мүмкүн болу турат.
— Шайлоо системасындагы мыйзам бузуулар, добуш сатып алуулар боюнча оюңузду уксак?
— Кыргызстандагы шайлоо системасынын тарыхы бир гана 1990-жылдардан берки доор менен чектелбейт. Анын андан мурунку советтик заман гана эмес, падышалык Россиянын карамагына кирген учурдагы жана ага чейинки кыргыз коомчулугунун да баа жеткис тажырыйбалары бар.
Ошол тарыха көз салсак азыркыдай акчага добуш сатып алуу, акчанын, криминалдын күчү менен шайлоонун тагдырын чечүү, трайбализм, коррупция, карапайымдарга күйбөгөн күчтүүлөрдүн басымы Акаев, Бакиевдердин доорунда эле жарала калбапыр. Так ошол падышалык колониялдык доордо эле калыптана баштаган экен. Муну ошол доорду башынан өткөргөн Мукай Элебаевдей кыргыз жазуучулары эле эмес, колониялдык бийликти орнотконго салым кошкон Ч.Валиханов сыяктуу окмуштуулар да ачык жазган.
Элдин бийлиги деген шар менен ошол доордогу элдин теңчилигин ыдыраткан шайлоо системасын орнотууга салым кошуп жаткан кыргызстандык азыркы партиялык лидерлер, депутаттар маселени ушул өңүттөн түшүнүүгө чамасы жетеби? Же башка кызыкчылыктары барбы?
Азыркы президенттин киргизип жаткан аралаш шайлоо системасы эл менен эсептешелик деген ниет же аракет катары кабыл алса болот. Ар кандай акчалуулар, олигархтар гана эмес, чет мамлекеттик сырдуу уюмдар да акча салып, колдоо кылган болуш керек деген түрдүү партияларга, аты-жыты жок депутаттарга караганда жүзүн көрүп, ким экенин билген, элге алынган адамдардын депутат болгону ар бир акыл-эси бар адамга туура көрүнөт. Гендерлик теңчилик, жаштардын, майыптардын да депутат болушу керек иш. Анын да жол-жобосу иштелип чыгуу зарыл. Бирок, аларды бетке кармап шылтоолоп адилетсиздиктин системасын коомдун башын айландырып орнотуу аракети убактылуу көрүнүш.
Оптималдуу, акыйкатчылыкты, адамдардын эркиндигине жеткирген да шайлоо системасы орной турган күн келээр. Азыр информациялык, цифралык техника-технологиялардын заманында бул да тез эле боло турган иш. Бирок, ошого карай кадам ушундай болуп бийликте тургандардын эл-журттун пикири менен эсептешүүсүнөн башталат. Бекеринен таңууланган нерселерди кабыл албай, жол издеп Элдик Курултай түзүү демилгеси көтөрүлүп жаткан жок. Ушинтип жаңыланган шайлоо системасы аркылуу татыктуу, эл ичинде чыныгы кадыр-баркы, акыл-эси, бийик деңгээли барларыбыз депутат болсо, үмүт учкуну жалынга айланаар.
Маектешкен Азат Белеков



