Коом
Бишкектеги 52 троллейбус электр автобус болуп кайра жасалат<

Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Ал борбор калаадагы троллейбустардын бир бөлүгү Ош шаарына берилгенин, Бишкекте 52 троллейбус калганын айтты.
«Ал троллейбустар 2017-жылы чыккан. Аларды кайра электр автобус кылып жасоого ылайыктуу экен. Аларга батарейкалар орнотулат»,— деди ал.



