Окуялар

Балыкчы шаарында жоголгон 6 жашар кыз, Чүй облусунан табылды

Балыкчы ШИИБне Чүй облусунун Ново-Покровка айылынын 30 жашар тургуну кайрылып, анын 6 жашар кызы дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, Балыкчы шаарында жашаган 41 жаштагы жарандык күйөсүнө келген. Анын келиши спирт ичимдиктерин ичүү менен уланган. Бир топ кызып калганда, үйгө мейман катары келген «Кристина» аттуу келин анын кызын белгисиз тарапка алып кетип, ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген.  

Аталган арыз Балыкчы ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө ыкчам иштеринин жүрүшүндө кызды алып кеткен келиндин өздүгү аныкталган. Ал, туруктуу жашаган жери жок, 24 жаштагы С.К. болуп чыкты.

Андан аркы издөө иштери уланып, кызды өзү менен алып кеткен келиндин, Чүй облусунун Спартак айылында болжолдуу жүргөн жери анык болгон. Балыкчы ШИИБдин жана Чүй облусунун Москва РИИБдин милиция кызматкерлери айылды короодон короого кыдырып жүрүп, дайынсыз жоголгон жаш өспүрүмдү айылдын үйлөрүнүн биринде табышкан.

Дайынсыз болуп изделип жаткан кыз, энесине аман-эсен милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди.

Учурда, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button