Дүйнө

Кытайда болгон жер титирөөдөн 47 үй кыйрап, 6 киши жабыркады

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жер титирөөдөн 47дей үй толугу менен кыйрап, алты адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости «Синьцзян жибао» гезитине таянып кабарлады.

Билдирмеге караганда, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен.

«Соңку маалыматтар боюнча, жер силкинүүдөн 47 үй толугу менен кыйраса, 78 там жарым-жартылай бузулган. Жаратылыш кырсыгынан эки адам оор, төрт киши жеңил жаракат алган. Жабыркаган калктуу конуштарда электр энергиясы, жылуулук, суу калыбына келтирилген», — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, жер титирөө Кыргызстанда да сезилди. ӨКМдин маалыматына таянсак, түнкү жер титирөө 3 баллдан 6 баллга жеткен. Өлкөдө кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button