Коом

Жумуш учурунда компьютерик оюн ойногон кызматкер иштен бошотулду

Бул тууралуу Курулуш жана архитектура министрлигинен билдиришти.

Сокулук районундагы мамлекеттик мекеменин кызматкери жумуш убактысында компьютердик оюн ойноого жол берип, социалдык тармактарга тараган видеонун негизинде иштен бошотулду.

Маалыматка ылайык, окуя 2025-жылдын 8-июлунда болгон. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сокулук райондук башкармалыгындагы кызматкер М.Н.Н. иш убактысында кызматтык компьютерде оюн ойноп отурганы видеого түшүп калган.

Министрлик билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 43-беренесине ылайык, 2025-жылдын 10-июлунан тартып аталган кызматкер долбоорлоо бөлүмүндөгү кызматынан бошотулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button