Коом

Бишкектин борборунда мыйзамсыз курулуш токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Абдрахманов көчөсү 176 дарегинде текшерүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды.

Ошондой эле объектинин белгиленген тартипте багытын алмаштыруу (перепрофилирование) боюнча уруксат албагандыгы-бул шаар куруу нормаларынын бузуу болуп эсептелет.

Натыйжада курулуш иштери токтотулуп, жооптуу тарапка “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 144-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Мындан тышкары, бузулган эрежелерди жоюу жана тиешелүү документтерди тапшыруу боюнча көрсөтмө берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button