Мэр Айбек Жунушалиев Бишкек көчөлөрүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана коммуналдык кызмат көрсөтүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен биргеликте оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерүү үчүн борбор калаанын көчөлөрүн дагы бир жолу кыдырды.
Курманжан Датка көчөсүнүн бир бөлүгүндө (Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин) эки тараптан тротуарларды куруу иштери уланууда. Бул бөлүктөгү иштер «Бишкек шаардык телефон тармагы», «Түндүкэлектро» жана «Бишкек ЖЭС» тарабынан орнотулган коммуналдык линиялардын жылдырылышына байланыштуу кечеңдеп жатат.
Айбек Жунушалиев бул иштерди беш күндүн ичинде бүтүрүүнү буйруду. Эгерде мөөнөт аткарылбаса, муниципалитет ишти өзү жүргүзөт, ал эми чыгымдарды жогоруда аталган компаниялар төлөп берет.
Андан тышкары, мэр велосипед жолдорун сапаттуу куруу зарылдыгын баса белгилеп, бул бөлүккө U формасындагы светофорлорду орнотууну карап чыгууну тапшырды.
Мэр ошондой эле мыйзамсыз унаа токтотуучу жайларга каршы күрөшүүнү күчөтүүнү талап кылды. Муниципалдык инспекторлор эреже бузгандарга айып пулдарды ошол жерден эле берип жатышкан.
Медерова көчөсүндө мэр БГТС тарабынан аткарылып жаткан иштердин жай темпине нааразычылыгын билдирди. Ал процессти тездетүүнү, зарыл болсо, кошумча подрядчыларды тартууну жана мөөнөттөрдү сактабагандыгы үчүн жаза чараларын карап көрүүнү буйрук кылды.
«4-5 жыл күтүүгө убактыбыз жок. Заманбап технологияларды жана ыкмаларды колдонуңуз, ишти тез арада бүтүрүңүз, ошол эле учурда сапатты жана коопсуздукту катуу сактаңыз», — деп баса белгиледи Айбек Жунушалиев.


Восточная көчөсүн текшерүү учурунда бир тургун мэрге коомдук транспортту уюштуруу жана автобус аялдамасын орнотуу өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле тургун муниципалдык кызматкердин расмий жоопто көрсөтүлгөн номерге жооп бербегенине нааразы болгон.
Мэр жеке өзү көрсөтүлгөн номерге чалган, бирок жооп болгон эмес.
Текшерүүдөн кийин Айбек Жунушалиев жооптуу кызматкерге сөгүш берип, документтерде көрсөтүлгөн байланыш маалыматынын тактыгын текшерүүнү тапшырды. Ошондой эле, эгерде ушул сыяктуу окуялар кайталанса, жумуштан бошотуу сыяктуу тартиптик чаралар көрүүнү талап кылды.
Андан кийин мэр Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги жер астындагы өтмөктүн курулушун текшерип, бул участокту мүмкүн болушунча тезирээк кайра ачуу үчүн иштерди тездетүүнү буйруду.
Андан тышкары, мэр мурда батири суу каптаган турак жайлардын бирине кайрадан барып, калыбына келтирүү иштерин жеке өзү текшерип чыкты.
Айбек Жунушалиев жолду оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан Фучик көчөсүн карап чыгып, иштин сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.



