Саясат
Шакиев «ушакка жакын адамдардын» айтканы болбой турганын билдирди

ЖК спикери Нурланбек Шакиев парламент жыйынында өлкөдө эч кандай саясий өзгөрүү болбой турганын билдирди.
«Ушакка жакын адамдар ар кандай сөздөрдү: парламент тарайт экен, депутаттардын саны азаят экен, өлкөдө саясий өзгөрүү болот экен деп айтып жатышат. Анын баары калп. Саясий туруктуулук экономикалык өсүш үчүн керек. Ошондуктан эч кандай өзгөрүү болбойт. Азыр биз 17-ноябрында болчу жергиликтүү шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылып жатабыз»,- деди Шакиев.



