Коом
Ош облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 105,1 млн сом каржыланды

Ош облусу боюнча 2023-жылдын 10 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 105,1 млн сом суммасында 63 долбоор каржыланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Алар:
— 19 мектепке – 32,5 млн сом;
— 1 саламаттык сактоо мекемелерине 2 млн сом;
— 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 34,4 млн сом;
— 2 спорттук курулушка – 5,2 млн сом;
— 8 маданий маанидеги объектиге – 13,1 млн сом;
— 11 бала бакчага – 17,9 млн сом жумшалды



