Саясат

17-сентябрга карай турган Жогорку Кеңештин мыйзам долбоорлору

Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жалпы жыйынына чогулушат.

Жыйындын күн тартиби:

1. Ар кандай маселелер

2. «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Мамашова А.Т., Абакиров Э.К., Исатбек кызы А., Саккараев М.Д., Алтынбеков А., Атажанов Ы.Ы., Алимжанова Н.Я., Айдарбеков Ч.А., Түлендыбаев П.Р., Кылычбаев А.Т., Бекешев Д.Д., Кубанычбеков И.К., кир. № 6-2760/25 25.03.2025-ж.)

3. «1991-жылдан 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Абакиров Э.К., Бекешев Д.Д., Султанбекова Ч.А., Акаев Ж.К., Садырбаева Ж.Э., Тыналиев А.К., Маматалиев М.А., Сыдыков Б.У., Талиева К.А., Нурбаев Ж.П., Атажанов Ы.Ы., Рустамбек уулу С., Калпаев Б.А., Самаков К.К., Темирбаева М.О., Алимбеков Н.К., Сыдыгалиев Н.О., Төлөнов Д.Э., Сулайманов Э.Н., Лурова Л.Х., Ашимова Д.А., Мамытов Т.Т., кир. № 6-5932/25 19.06.2025-ж.)

 4. ««Улуттук банк жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Масабиров Т.А., кир. № 6-4759/25 30.05.2025-ж.)

 5. ««Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Масабиров Т.А., кир. № 6-4758/25 30.05.2025-ж.)

 6. ««Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-7190/25 04.09.2025-ж.)

7. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д., кир. 6-4179/25 13.05.2025-ж.)

8. «Саламаттыкты сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. 6-5321/25 13.06.2025-ж.)

9. «2025-жылдын 12-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы “Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо “CASA-1000” долбоору боюнча финансылык контрактты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-6854/25 31.07.2025-ж.)

10. «Ядердик куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга карата жаңыланган протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-6920/25 07.08.2025-ж.)

11. «2025-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” долбоорун алдын ала иштеп чыгууну жана техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону каржылоо жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору тууралуу (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-6265/25 25.06.2025-ж.)

12. «Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы Туруктуу координатордун кеңсесине, анын ичинде Туруктуу координаторго жана Кыргызстандагы бул Кеңсенин башка мүчөлөрүнө карата тиешелүү өзгөртүүлөр менен SBAA (Standard Basic Assistance Agreement) колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда каттарды алмашуу жолу менен түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, кир. № 6-6825/25 28.07.2025-ж.).

Тектеш кабарлар

Back to top button