Садыр Жапаров министрлерден баштап айыл өкмөттөрдүн башчыларына чейин катуу эскертүү берди

Президент бюджеттен берилген акчага «илгеркидей ит адатын карматып» кол салган аткаминерлер чыгып жатканына ачууланган билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жазды.
«Токмоктогу кечээки эле көрүнүштү алалы. Эмне деген акмакчылык?! Токмок менен Кара-Балта шаарларына быйыл бир миллиард сомдон бөлүп бергенбиз. Эки миллиард менен эки шаарды гүлдөтүп салсаңар болот эле», — деди президент.
Жапаров сентябрдан тарта мамлекет берген акчанын ар бир тыйыны көзөмөлгө алынып, аткарылган жумуштар боюнча комиссия түзүлөрүн эскертти. Өлкө башчы анын бардыгы жеке көзөмөлүндө болорун, кимде-ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарып, камала турганын жазды.
«Мамлекеттик бардык кызматкерлерге кайрылам. Биз азыр пайдасын көрүп жаткан кен байлыктарыбыз чексиз эмес. Бардыгы түгөнөт. Биздин түбөлүктүү келечегибиз туризм жана өндүрүш менен. Ошондуктан кыска убакыттын ичинде өлкөбүздүн бардык тармактарын оңдоп, түбөлүктүү келечегибизди түзүп алалы. Ушуга жан үрөгүлө», — деди президент.



